Site icon Reporter.kg

15-апрель: Коронавирус 305 адамдан аныкталып, 6 киши каза болду

epa08530726 Medical staff carries the body of a deceased from COVID-19 near a day hospital in Bishkek, Kyrgyzstan, 06 July 2020. In connection with the increase of the number of patients with COVID-19, new day hospitals were opened in Bishkek. People with acute respiratory viral infections and pneumonia can receive consultations, injections and droppers here. EPA/IGOR KOVALENKO

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 305 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, соңку суткада 4986 ПЧР изилдөөлөр жүргүзүлүп, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда оору көп аныкталды. Ошондой эле инфекция 12 медицина кызматкеринен табылган.

Алар:

Бишкек шаарында – 186;
Ош шаарында – 7;
Чүй облусунда – 89;
Ош облусунда – 0;
Талас облусунда – 4;
Нарын облусунда – 1;
Ысык-Көл облусунда – 12;
Жалал-Абад облусунда – 4;
Баткен облусунда – 2.

Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 181 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 4, Чүйдө 2 киши каза болду.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери COVID-19 91 миң 144 адамдан аныкталды. Анын ичинен 86 миң 491 бейтап айыгып, 1 миң 540 киши каза болду.

Exit mobile version