Site icon Reporter.kg

15-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

15-декабрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал. Баткен облусунда жаан-чачын болбойт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5;

Таластатүнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4;

Нарында түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19…-24, күндүз -6…-11 градус суук болот.

Бишкек шаарында 15-декабрда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында кар жаашы күтүлөт, күндүн экинчи жарымында жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -6…-8, күндүзгү жогорку температурасы 0…-2 градус болот.

Exit mobile version