Site icon Reporter.kg

15-июнь: Кыргызстанда дагы 87 адамдан коронавирус табылды, 22 бейтап айыкты

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 87 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 15-июнда коронавирус менен күрөшүү үчүн түзүлгөн Республикалык штабдан кабарлашты.

Илдетти жуктуруп алгандар төмөнкү аймактардан:

Бишкек ш. – 48;
Чүй облусу — 11;
Ош ш. — 18;
Ош облусу — 5;
Ысык-Көл облусу — 2;
Жалал-Абад облусу — 3;

15-июнга карата өлкөдө жалпы 2372 адам коронавирус жуктуруп алган.

Соңку суткада коронавирус жуктуруп алып дарыланып жаткан 22 бейтап айыгып үйлөрүнө чыкты. Муну менен жалпы 1813 бейтап ооруну жеңген.

Exit mobile version