Site icon Reporter.kg

16-июлда зыяратчылардын алгачкы тобу Меккеге кетет

Меккеге ажылык сапарга баруу үчүн Кыргызстандын алгачкы тобу 16-июлда кетет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан маалымдашты.

Муфтияттын маалыматы боюнча, Оштун Кара-Суу районундагы мечитте облустун казысы Самидин Атабаев ажы башчылар жана зыяратчылар менен жолугушуп, ажылык сапардагы маанилүү процесстер тууралуу айтып берди. Андан тышкары сапарга баруучуларга окшош кийимдер таратылды.

Эскерте кетсек, Сауд Арабиясы 2019-жылы ажылык сапарга баруу үчүн Кыргызстанга 5510 орун бөлүп берген.

Exit mobile version