Site icon Reporter.kg

16-июль: Кыргызстанда дагы 521 адамга коронавирус жукту

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 521 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 16-июлда өткөн брифингде саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Оору жугузуп алгандардын эң көбү Бишкек шаарында — 273 адам. Ош шаарында 38, Чүй облусунда 74, Ош облусунда 16, Жалал-Абад облусунда 48, Баткен облусунда 39, Ысык-Көл облусунда 30, Талас облусунда 8 адамга илдет жуккан.

Акыркы сутка ичинде коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 75 бейтап айыгып, үйүнө чыккан.

18-марттан 16-июлга чейин өлкөдө жалпы 12 миң 498 адам коронавирус жуктуруп алган. Ал эми 3735 адам илдеттен айыккан.

Exit mobile version