Site icon Reporter.kg

16-июнь: Кыргызстанда дагы 100 адамдан коронавирус табылды, 34 бейтап айыкты

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 100 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 16-июнда коронавирус менен күрөшүү үчүн түзүлгөн Республикалык штабдан кабарлашты.

Илдетти жуктуруп алгандар төмөнкү аймактардан: Бишкек ш. – 57;
Чүй облусу – 11;
Ош ш. – 11;
Ош облусу – 6;
Ысык-Көл облусу – 2;
Жалал-Абад облусу – 1;
Нарын облусу – 9;
Талас облусу – 3.

16-июнга карата өлкөдө жалпы 2472 адам коронавирус жуктуруп алган.

Соңку суткада коронавирус жуктуруп алып дарыланып жаткан 34 бейтап айыгып үйлөрүнө чыкты. Муну менен жалпы 1842 бейтап ооруну жеңген.

Exit mobile version