Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн +16…+21
күндүз +32…+37
Талас облусу
түнкүсүн +12…+17
күндүз +31…+36
Баткен облусу
түнкүсүн +18…+23
күндүз +34…+39
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +18…+23
күндүз +34…+39
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн +9…+14
күндүз +23…+28
Нарын облусу
түнкүсүн +6…+11
күндүз +22…+27
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетип, абанын түнкү төмөнкү температурасы 16…18°, күндүзгү жогорку температурасы 34…36° жылуу болот.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз