16-майда митинг болот делген маалымат боюнча «Чоң-Казат» үн катты

16-майда митинг болот делген маалымат боюнча «Чоң-Казат» үн катты

Бишкектин Ала-Тоо аянтында 16-май күнү тынчтык митинг өтөрү тууралуу такталбаган маалыматтар тарап жатат.

Айрым социалдык тармактардын колдонуучулары митингдин артында “Чоң Казат” кыймылы турат деген божомолдорду жазышууда.

Маалыматты тактоо үчүн “Репортер” басылмасы “Чоң Казат” кыймылынын жетекчиси, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы кызматкери Максат Мамытканов менен байланышып көрдү.

Ал муну чагымчыл аракет катары баалап, күч кызматкерлери тиешелүү чара көрүшү керектигин айтты.

“Чоң Казат” кыймылы учурда бир дагы митиг же акцияларды өткөрөйүн деген оюу дагы жок, өткөрбөйт дагы. Бул атайын бирөөлөрдүн биздин кыймыл менен бийликти каршы коюу үчүн жасап жаткан чагымчыл аракеттери. Азыр митинг өткөрө турган убак эмес. Мунун артында кидер турганын божомолдой алабыз.

Биз жакында эле Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиедин байлыгын текшерүү боюнча айтып чыккандыктан, анын пайдасына иштеп жаткан адамдардын кылганы болушу мүмкүн. Ушул сыяктуу чагымчыл маалыматтарды жайылтып жаткандарга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети чара көрүп, укуктук баа берүү керек”,  – деди Мамытканов.

Буга чейин “Чоң Казат” кыймылынын мүчөсү Сыймык Жапыкеев аттуу мурдагы прокуратура кызматкери  Жумалиевди кескин сындап,  ал бүт байлыгын мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп уурдап тапкан деп айтып чыккан жана байлыгын текшерүүгө коомчулукту үндөгөн.

Кийин Жумалиев Жапыкеевдин айткандарына жооп берип,  өлкө казынасына бир дагы жолу кол салбаганын куран кармап карганган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>