Site icon Reporter.kg

16 жашар өспүрүм Ошко матиз айдай качкан

Ош-Бишкек жолундагы кафелердин биринин алдында турган “Деу Матиз” унаасын айдай качкан жаран кармалды. Бул боюнча Жалал-Абад милициясы маалымат таратты.

Маалыматка караганда, 12-июлда Сузак райондук милицияга  Ырыс айыл аймагынын 1990-жылы туулган тургуну Ж.А. кайрылганда дароо издөө иштери башталып, Ош шаарынын биринде тааныштарыныкында жашырынып жүргөн 2005-жылы туулган О. уулу Ж. кармалган.

Ал эми иш Сузак райондук тергөө бөлүмүнө берилди. Автомобиль унаа токтотуучу жайда, ээсине бериле элек.

Exit mobile version