Site icon Reporter.kg

17-июль: Кыргызстанда дагы 1654 адамга коронавирус жукту

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 1654 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 17-июлда республикалык штабдан кабарлашты.

Белилей кетсек 16-июлда пневмония болгондор менен коронавируска чалдыккандарды  чогуу эсетөө тууралуу саламаттык сактоо митинстрлигинин буйругу чыккан.

Соңку суткада коронаирус жуктуруп алганда жашаган аймактар:катталган аймактар жана алардын саны:

Бишкек — 613
Ош – 67
Чүй облусу – 272
Ош облусу — 125
Талас облусу – 76
Нарын облусу – 39
Ысык-Көл облусу – 234
Жалал-Абад облусу – 134
Баткен облусу — 94

18-марттан 17-июлга чейин өлкөдө жалпы 23 миң 783 адам коронавирус жуктуруп алган.

Exit mobile version