(Сүрөт: В. Ушаков)
Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас облустарында түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн +1…+6, 0…-2
күндүз +9…+14
Талас облусу
түнкүсүн +1…+6, -1… -3
күндүз +9…+14
Баткен облусу
түнкүсүн +3…+8
күндүз +15…+20
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +3…+8
күндүз +15…+20
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн -2…+3
күндүз +9…+14
Нарын облусу
түнкүсүн -3…-8
күндүз +2…+7
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетип, абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 1…3, күндүзгү жогорку температурасы 12…14 болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз