Site icon Reporter.kg

Европарламент Грузия бийлигин Саакашвилини бошотууга үндөдү

Европа парламенти 15-февралда «Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилинин жагдайы тууралуу» резолюцияны жактырды. Анда саясатчыны эркиндикке чыгаруу жана чет өлкөдө дарылануусуна уруксат берүү чакырыгы жазылган.

Алты жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Грузиянын мурдагы президенти учурда Тблисидеги жеке клиникада дарыланууда. Тарапташтары анын саламаттыгы тездик менен начарлап жатканын билдирүүдө. Саакашвили өзү ууландыруунун курмандыгы болгонун айткан. Грузия бийлиги бул айыптоону четке кагып келет.

Европарламент мындан тышкары Грузиянын мурдагы премьер-министри жана ишкер Бидзина Иванишвилиге каршы санкция киргизүү зарылдыгы тууралуу документке сунушталган өзгөртүүлөрдү жактырды. Анда дале болсо Грузиядагы эң таасирдүү саясатчы деп аталып келген Иванишвили «жеке өч алуу үчүн Саакашвилини куугунтуктоонун артында турган олигарх экени» жазылган.

Резолюцияны 577 депутат колдосо, 33ү каршы добуш берди. Иванишвилиге санкция киргизүүнү 362 депутат колдоп, 121и каршы болду.

Европарламенттин резолюциялары сунуш берүү гана мүнөзүнө ээ.

2022-жылы 14-декабрда Европарламент «Европа Биримдиги — Грузия» ассоциациясы жөнүндөгү макулдашууну ишке ашыруу тууралуу резолюция кабыл алган. Анда да Саакашвилини бошотуу жана Иванишвилиге каршы санкция киргизүү чакырыктары жазылган.

Грузия Украина менен Молдовадан айырмаланып өткөн жылы ЕБге талапкер макамын ала алган эмес. Брюссель Грузиянын европалык келечеги – өлкөнүн канчалык деңгээлде Еврокомиссиянын 12 сунушун аткарарына жараша болорун билдирген. Ал сунуштардын арасында сот адилеттигин саясий таасирден бошотуу сунушу да бар. Европарламент Саакашвилинин куугунтукталышын сотко карата саясий таасир катары эсептөөдө.

Украинанын жарандыгын алган Грузиянын мурдагы президенти 2021-жылы күзүндө өлкөгө кайтып келгенден кийин Тбилисиде камакка алынган. Ага чейин ал сыртынан алты жылга соттолгон. Саясатчыга «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деген айып коюлган. Ал өзү муну саясий куугунтук деп атап келет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version