Site icon Reporter.kg

18-августка аба ырайы: Катуу шамал болуп, нөшөрлөп жамгыр жаайт

Бүгүн, 18-августта Кыргызстанда туруксуз аба ырайы болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы күтүлөт.

“Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын абдан катуу жаашы, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет”, — деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version