Site icon Reporter.kg

18-май: Коронавирус 234 адамдан аныкталып, 7 киши каза болду

epa08223237 Medical personnel give treatment to a COVID-19 patient at a hospital in Wuhan, Hubei province, China, 16 February 2020. According to local authorities, the number of coronavirus cases in mainland China has reached 70,000 with more than 1,660 related deaths. EPA-EFE/STRINGER CHINA OUT

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 234 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, соңку суткада 5594 кишиден ПЧР тест алынган.

Илдет аныктылгандар:

Бишкек шаарында – 112;
Ош шаарында – 3;
Чүй облусунда – 81;
Ош облусунда – 6;
Талас облусунда – 1;
Нарын облусунда – 2;
Ысык-Көл облусунда – 25;
Жалал-Абад облусунда – 1;
Баткен облусунда – 3.

Ошондой эле инфекция 3 медицина кызматкеринен табылган.

Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 282 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 6, Чүй облусунда 1 киши каза болду.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери COVID-19 100 миң 966 адамдан аныкталды. Анын ичинен 94 миң 168 бейтап айыгып, 1 миң 718 киши каза болду.

Exit mobile version