Site icon Reporter.kg

18-май түнү «Дордой» тарапта чет элдиктерди сабаган жигит колго түштү

18-май түнү “Дордой” базары тарапта жашаган чет өлкөлүк жарандарды үйүнө кирип, сабаган Ысык-Көл облусунун 25 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Милициянын маалыматында, аны менен бирге дагы 3 адам таңкы саат 04.00гө жакын “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү кичи автобусу менен келишкен. Алар чет элдик жарандарды сабап, коркутуп, качып кетишкен.

Шектүүлөр интернетте тараган видеонун негизинде аныкталды. Кармалган жигит унаасы менен чет өлкөлүктөр жашаган башка даректерге дагы барганы кабарланат. Ал өзү эмерек жасоочу цехте иштеп жүргөн.

Белгилей кетсек, 18-май түнү болгон тополоңдон кийин  Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү (массалык башаламандык) жана 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version