Site icon Reporter.kg

1,8 миллиондон ашуун кыргызстандыктар MegaCom түйүнүнүн байланыш сапаты жакшыргандыгын сезишүүдө

Түйүндүн көлөмү боюнча Кыргызстандагы №1 компания болуп саналган MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору бүткүл өлкө боюнча инфраструктураны жакшыртуу салтын улантат. 2022-жылдын июнь айында, 1,8 миллиондон ашуун кыргызстандыктар жашаган шаар жана айылдарда жүргүзүлгөн иштер MegaCom’дун байланыш сапатын жакшыртууга жана мобилдик интернеттин ылдамдыгын жогорулатууга мүмкүндүк берди.

Балыкчы, Баткен, Бишкек, Кант, Кызыл-Кыя, Ош, Токмок, Өзгөн, Чолпон-Ата, шаарларында жана Кажы-Сай шаар тибиндеги айылында, ошондой эле:

Баткен, Бишкек, Кара-Көл, Кара-Суу, Кызыл-Кыя, Ош, Өзгөн шаарлары, Кызыл-Жар шаар тибиндеги айылы, ошондой эле:

4G стандартындагы жаңы базалык станциялар Нарын облусунун Достук шаар тибиндеги айылына, ошондой эле Ак-Булуң, Ак-Талаа, Кайыңды жана Эмгек-Талаа айылдарына орнотулуп, муну менен катар, Ысык-Көл облусунун Каркыра айылына да 2G стандартындагы базалык станция коюлуп, ишке берилди.

Эске сала кетели, түйүндүн каптоо аймагы боюнча маалыматты каптоонун Интерактивдүү картасынын жардамы менен MegaCom’дун расмий сайтынан онлайн режимде алсаңыздар болот. Картанын жардамы менен жакынкы базалык станциянын сигналынын деңгээлин, ошондой эле, өлкө боюнча 2G, 3G жана жогорку ылдамдыктагы 4G-каптоо түйүнү тууралуу маалыматтарды алса болот.

Мындан тышкары, MegaCom’дун абоненттери *500 номерине чалып же +996 999 500 000 WhatsApp номери аркылуу, ошондой эле Telegram аркылуу да түйүндүн каптоосун жакшыртууну талап кылган аймактар боюнча билдирүүлөрүн калтыра алышат.

MegaCom компаниясынын акыркы жаңылыктары менен кабардар болуп туруңуздар! Биздин FacebookInstagramTwitter жана Telegram баракчаларыбызга жазылыңыздар.

Exit mobile version