Site icon Reporter.kg

18 жаштагы Ширин Алайчиева “Miss Supranational” сынагына катышты

Кыргызстандык 18 жаштагы Ширин Алайчиева Польшада өткөн «Miss Supranational 2022» сулуулар сынагына катышты.

Сынак 16-июлда жыйынтыкталып, анда Түштүк Африкадан келген катышуучу Lalela Mswane жеңүүчү аталды. Алайчиева сынактын алдыңкы 30 орундукка кире алган жок.

Буга чейин Ширин Алайчиева сулуулар сынагында өзүн тааныштырган видеосун жарыялаган болчу.

Ширин Алайчиева Бишкекте туулуп-өскөн. Мектепти аяктаган соң түштүк борборго көчүп барып, Ош мамлекеттик университетине тапшырган. Учурда медициналык факультетте билим алууда.

2021-жылдын ноябрь айында «Кыргызстан сулуусу» сынагында вице-мисс титулун жеңип алган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version