Site icon Reporter.kg

18:00: Чет өлкөдө 84 миңден көп добуш берилди

Чет өлкөлөрдөн 84 миң 128 шайлоочу добуш берди. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди.

Маалыматка караганда, чет мамлекеттерде 59 добушкана ачылган. Жалпы чет өлкөдөгү каттоодо турган шайлоочунун 7,86% добуш берди.

Буга чейин Түштүк Сахалин, Владивосток, Иркутск аймактарында жана Жапониядагы шайлоо участокторунда добуш берүү аяктаганы кабарланган.

Exit mobile version