Site icon Reporter.kg

Кадамжайда издөөдө жүргөн жаран кармалды

Кадамжай районунда уурулукка шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кадамжай районунун А.Масалиев айыл аймагында 2022-жылдын июль айларында аккумуляторлор жоголуп, беш уурулук фактысы катталган. Бул боюнча  Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши ачылып, шектүүнү издөө башталган.

Кадамжай РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 4-апрель күнү Кадамжай районунун А.Масалиев айыл аймагынын тургуну мурда бир нече жолу соттолгон 45 жаштагы С.А.  аныкталып кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version