Site icon Reporter.kg

18:июнь: Кыргызстанда дагы 95 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 95 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 18-июнда коронавирус менен күрөшүү үчүн түзүлгөн Республикалык штабдан кабарлашты.

Илдетти жуктуруп алгандар төмөнкү аймактардан: 

Бишкек ш. – 49;
Чүй облусу – 14;
Ош ш. – 7;
 Ош облусу – 7;
Баткен облусу – 1;
Жалал-Абад облусу – 6;
Талас облусу – 4;
Нарын облусу – 7.

18-июнга карата өлкөдө жалпы 2657 адам коронавирус жуктуруп алган.

Соңку суткада коронавирус жуктуруп алып дарыланып жаткан 32 бейтап айыгып үйлөрүнө чыкты. Муну менен жалпы 1933 бейтап ооруну жеңген.

Exit mobile version