Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда, Чүйдүн дыйканчылык аймактарында кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн +1…+6, 0…-2 (үшүк)
күндүз +10…+15
Талас облусу
түнкүсүн +1…+6, 0…-2 (үшүк)
күндүз +7…+12
Баткен облусу
түнкүсүн +2…+7
күндүз +16…+21
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +2…+7
күндүз +16…+21
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн +1…+6, -1…-3 (үшүк)
күндүз +5…+10
Нарын облусу
түнкүсүн +1…+6, -1…-3 (үшүк)
күндүз +7…+12
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетип, абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүзгү жогорку температурасы 10…12° жылуу болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз