Кыргызстандын аймагында дагы 27 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
СOVID-19 инфекциясынын жаңы жуктургандар төмөнкү аймактардан катталды:
Бишкек шаарында — 6;
Санкт-Петербург ш. келгендерден —1;
Соль-Илецк ш. келгендер —3 ;
Нарын облусу — 11;
Ош облусу — 6.
Ошентип ооруну жуктургандардын жалпы саны 1243гө жетти.