Site icon Reporter.kg

19 жаштагы футболчу Абылкасымов жол кырсыктан каза болду

Кыргызстандын 16 жашка чейинки жаштар курамасынын, «Илбирс» жана «Абдыш-Ата» футболдук клубдарынын экс-чабуулчусу Ааламбек Абылкасымов мезгилсиз дүйнө салды.

Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, 19 жаштагы футболчу каргашалуу жол кырсыгынан каза болду.

2019-жылы U-16 Азия Кубогунун тандоо оюндарында Ливандын курама командасынын дарбазасына 41-мүнөттө алмаштыруу менен чыгып, 2 гол киргизип, 0:2 эсебинде оюндун жыйынтыгын өзгөрткөн эле.

Ааламбек «Илбирстин» курамында 2021-жылдын 16-мартында Премьер-Лигада дебют жасаган. 2023-жылы Абдыш-Ата-2 үчүн ат салышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version