Site icon Reporter.kg

Күндүн табы кайтпайт. Апта башында күн катуу ысыйт

Келе жаткан аптанын баштарында өлкө аймагында күн катуу ысыйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, өлкөдө 17-19-июль күндөрү ысык аба-ырайы сакталып, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40°ка чейин, Талас өрөөнүндө 33…38° чейин болушу күтүлөт.

«Мындай кургак ысык аба-ырайы учурунда зарылчылык болбосо сыртка чыкпаганга аракет кылыңыздар. Айрыкча жүрөк, жогорку кан басым, калкан без оорулары менен жабыркагандар сак болуусу зарыл! Ал эми өсүмдүктөрдү кеңири сугаруу сунушталат», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version