Ош шаарындагы Акматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук стадионду оңдоого бюджеттен 25 сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Аталган стадион 1970-жылы курулган. Учурда анын эскилиги жеткендиктен толугу менен оңдоодон өткөрүлүп жатат. Стадион 12 миң 500 адамды батыра алат.
«Спортчулардын кийим алмаштыруу жана душ бөлмөлөрү, административдик имараттын сырты, отургучтары, 1970-жылдан бери турган эшик-терезелер алмашып жатат. Мындан тышкары 30 орундуу жатакана дагы толук оңдолду», — деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз