Site icon Reporter.kg

19:июнь: Кыргызстанда дагы 132 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 132 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 19-июнда коронавирус менен күрөшүү үчүн түзүлгөн Республикалык штабдан кабарлашты.

Илдетти жуктуруп алгандар төмөнкү аймактардан: Бишкек ш. – 48;
Чүй облусу — 38;
Ош ш. — 13;
Ош облусу — 12;
Жалал-Абад облусу — 11;
Талас облусу — 4;
Нарын облусу — 6.

19-июнга карата өлкөдө жалпы 2789 адам коронавирус жуктуруп алган.

 

Exit mobile version