Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойтБатыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн 9…+14
күндүз +26…+31
Талас облусу
түнкүсүн +8…+13
күндүз +25…+30
Баткен облусу
түнкүсүн +15…+20
күндүз +29…+34
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +15…+20
күндүз +29…+30
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн +10…+15
күндүз +20…+25
Нарын облусу
түнкүсүн +9…+14
күндүз +21…+26
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. жетип, абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 11…13°, күндүзгү жогорку температурасы 28…30° жылуу болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз