2-май: Коронавирус 13 кишиден табылды, 25 бейтап ооруну жеңип чыкты

2-май: Коронавирус 13 кишиден табылды, 25 бейтап ооруну жеңип чыкты

Кыргызстандын аймагында дагы 13 адамдан коронавирус аныкталып, ооруну жуктургандардын жалпы саны 769а жетти. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова  брифингде билдирди.

СOVID-19 инфекциясынын жаңы жуктургандар төмөнкү аймактардан катталды: Бишкек ш. – 3, Жалал-Абад облусу – 4, Ош облусу –1 Баткен облусу – 2, Нарын облусу – 1.

Айнура Акматова ошоной эле бир сутка ичинде 23 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкканын айтты.

Вирустан сакайгандар төмөнкү аймактардын жашоочулары:

Бишкек шаары — 9, Ош облусу — 1, Жалал-Абад облусу — 2, Нарын облусу — 11.

Ушуну менен коронавирустан айыгып чыккандардын саны 527ге жетти. Оорудан 8 адам каза болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>