2-май: Кыргызстанда коронавирус дагы эки адамдын өмүрүн алды

2-май: Кыргызстанда коронавирус дагы эки адамдын өмүрүн алды

Бишкекте коронавирустан эки бейтап каза болду. Бул тууралуу республикалык штаб 2-майда кабарлады.

Бейтаптардын бири  №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси 58 жаштагы Жүзүм Асанова болгон.

Экинчиси Жалал-Абад облусунун 69 жаштагы тургуну болгон.

Экөө тең Республикалык инфекциялык ооруканасында даарыланып аткан.

Эки бейтапта теӊ эки тараптуу пневмония, оорунун оор өтүшү, дем алуу жетишсиздиги катталган. Аларда дагы кошумча оорулары да бар болгон.

Ушуну менен Кыргызстанда  коронавирус илдети адам өмүрүн алган онунчу учур катталды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>