Site icon Reporter.kg

Опузалап акча талап кылуу менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улутттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 12-ноябрда УКМК тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө  акча каражатын алып жаткан жеринен уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды.

Кармалган жаран күч колдонуу жолу менен коркутуп, 2 миллион сом акча каражатын опузалап талап кылганы аныкталды.

Кармалган УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жүрүп жатат.

Exit mobile version