(Сүрөт: В. Ушаков)
Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда кар, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн +1…+6
күндүз +13…18
Талас облусу
түнкүсүн +1…+6, үшүк жүрүшү мүмкүн — 0…-2
күндүз +12…+17
Баткен облусу
түнкүсүн +3…+8
күндүз +18…23
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +3…+8
түштөн кийин 18…23
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн +1…+6, үшүк жүрүшү мүмкүн — -1…-3
күндүз +7…+12
Нарын облусу
түнкүсүн +1…+6 (-1…-3) үшүк жүрөт
күндүз +10…+15.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетип, абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 2…4°, күндүзгү жогорку температурасы 15…17° жылуу болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз