20-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 192 учур катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн республикалык штабдан кабарлашты.
Алардын арасынан эң көбү Бишкек шаарында.
Бишкек ш. – 94
Чүй облусу — 62
Ош ш– 16
Ош облусу – 14
Ысык-Көл облусу – 2
Талас облусу – 2
Нарын облусу – 2
Республикада коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 2981ге жетти.