Site icon Reporter.kg

20-май: Кыргызстанда дагы 27 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстандын аймагында дагы 27 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын 19 Нарын облусунда, экөө Ош облусунда, төрт учур Бишкек шаарында, Ысык-Көл жана Чүй облусунда бирден учур катталды.

Бир сутка ичинде 12 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 20-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1270 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 910 бейтап сакайып үйлөрүнө чыгарылды.

Exit mobile version