Site icon Reporter.kg

20 млн сом инвестиция үчүн 10 жылга виза берүү сунушталууда

Кечээ, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, кабыл алынды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Демилгечилер – депутаттар Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев, Жанар Акаев жана Элвира Сурабалдиева.

Жыйында баяндама жасаган эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Ырысбек Атажанов белгилегендей, мыйзам долбоору чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга виза алуунун өзгөчө негиздерин түзүү жана виза алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү максатында иштелип чыккан.

Тагыраагы, мыйзам долбоору менен чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн виза алуу жөнөкөйлөшөт, аны колдонуу мөөнөтү көбөйөт жана өлкөнүн экономикасына салым кошуунун бир нече варианты берилет.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда чегерилген суммалардын градациясы түзүлөт, ага ылайык 10 млн сомдон кем эмес сумма чегерген чет өлкөлүк жаран же болбосо жарандыгы жок адам 5 жылга виза алууга укуктуу болот. 20 млн сомдон кем эмес сумманы чегерген чет өлкөлүк жаран же болбосо жарандыгы жок адам 10 жылга виза алууга укук алат. Ошентип, чет өлкөлүк жарандар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн талап кылынуучу бир кыйла узак мөөнөттү алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version