Site icon Reporter.kg

608 медик 200 миң сомдон компенсациялык төлөм алышты

608 медицина кызматкери 200 миң сомдон компенсациялык төлөмдөрдү алышты. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 8-декабрга карата 608 медицина кызматкери 200 миң сомдон компенсациялык төлөмдөрдү алган. Каза болгон 30 медициналык кызматкердин үй-бүлөлөрүнө ар бирине 1 млн төлөнүп берилген.

Ошондой эле штабдан учурда дагы 148 саламаттыкты сактоо кызматкерине жана каза болгон 2 медициналык кызматкердин үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөө үчүн документтер даярдалып жатканын кабарлашты.

Exit mobile version