2010-жылы өрттөнгөн Башкы прокуратуранын имаратынын тагдыры чечилүүдө

2010-жылы өрттөнгөн Башкы прокуратуранын имаратынын тагдыры чечилүүдө

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Башкы прокуратуранын өрттөнгөн имаратынын ордунда долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн каражат бөлүүгө буйрук берди. Бул тууралуу шаар бийлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буйруктун негизинде техникалык тапшырыкчы катары — мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы аныкталган.   

Жакынкы аралыкта техникалык корутундуга жана шаар куруу документтерине ылайык долбоорлоо иштерин жүргүзүүгө тендер жарыяланат.

Ошондой эле Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинен имараттын курулуш конструкциясынын  учурдагы абалы жөнүндө техникалык корутунду алынган.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратуранын Орозбеков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мурдагы имараты 2010-жылдагы апрель окуясы учурунда өрттөнүп кеткен.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>