Site icon Reporter.kg

2010-жылы милиция кызматкерлерин өлтүрүүгө шектелген адам кармалды

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан жашынып жүргөн 1991-жылы туулган Кыргызстандын Н.Х. аттуу жараны чет мамлекеттин аймагынан кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 2010-жылы болгон окуялар учурунда Кыргызстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлерин мыкаачылык менен өлтүргөн деп айыпталууда. Кылмышкер узак убакыт чет мамлекеттин аймагында жашынып жүргөн.

Тергөөнүн маалыматы боюнча 1991-жылы туулган Н.Х. аттуу жаран 2010-жылы Ош шаарында болгон окуя учурунда ички иштер органдарынын кызматкерлерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө активдүү катышкандардын бири болгон. Учурда Н.Х. Кыргызстанга алынып келинип, камакка алынды.

Кылмышкердин жүргөн жерин аныктоо жана кармоо Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн, КМШ мамлекеттериндеги уюшкан кылмыштуулукту координациялоо боюнча бюронун жана Башкы прокуратуранын жардамы менен, жана Россиянын Москва облусунун Одинцово шаарынын полиция кызматкерлери, Ош ОИИБнын кызматкерлери менен биргеликте ишке ашырылды.

ИИМ 2010-жылдагы Ош окуяларынын уюштуруучуларын жана активдүү катышуучуларын аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча ыкчам-издөө иштерин улантып келет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version