2019-жылда дүйнөдөгү эң кымбат Instagram-блогерлеринин сап башында ким турат?

2019-жылда дүйнөдөгү эң кымбат Instagram-блогерлеринин сап башында ким турат?

2019-жылдын эң кымбат Instagram-блогерлерин  Daily Mail  басылмасы аныктады. Анда биринчи орунда португалдык футболист Криштиану Роналду турат. Журналисттер изилдеп чыккандай, анын инстаграмдагы бир постунун баасы 780 миң фунт стерлинг (1 млн 23 миң $ жакын) болгон. Бир жыл ичинде спортсмен пост аркылуу 47.8 млн $ киреше тапкан. Ал көпчүлүк учурда спорт кийимдерин, парфюм жана косметикалык каражаттарды жарнамалаган.

Экинчи орунда аргентиналык футболист Лионель Месси турат. Анын бир посту 518 миң фунт стерлингке (679 миң $) бааланат. Бир жыл ичинде блогер инстаграм аркылуу 23.3 млн $ иштеп тапкан.

Үчүнчү орунда америкалык супер модель Кендалл Дженнер – Кардашьяндардын үй-бүлөсүнүн бирден-бир мүчөсү турат. Анын бир жылкы кирешеси 15.9 млн $ түзгөн. Анын бир жарнамасынын баасы 489 миң фунт стерлинг (641 миң доллар) болгон.

Тизмедеги 20 орундун ичинен, төртүнчү орунда англиялык футболист Дэвид Бекхем турат, ал эми бешинчи орунду – америкалык ырчы Селена Гомес ээлейт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>