2019-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджеттердин кирешеси 15,9 млрд. сомду түздү

2019-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджеттердин кирешеси 15,9 млрд. сомду түздү

2019-жылдын 9 айында Кыргызстандын жергиликтүү бюджеттеринин фактылык кирешелери 15 млрд. 918 млн. 849,0 миң сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Анын ичинде:

— жөнгө салынуучу кирешелер – 7 млрд. 761 млн. 742,4 миң сом (49,7 %);

— бекитилген кирешелер – 6 млрд. 265 млн. 84,0 миң сом (38,3 %);

— теңдештирүүчү гранттар – 1 млрд. 507 млн. 301,5 миң сом (9,6 %);

— максаттуу трансферттер – 384 млн. 721,1 миң сом (2,4 %), анын ичинен:

— ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү – 76 млн. 146,9 миң сом (19,5 %);

— жылуулук энергиясына кеткен чыгымдын ордун толтуруу – 105 млн. сом (26,9 %);

— бийик тоолуу райондорго 50% чегерүүлөр – 119 млн. 44,8 миң сом (30,5 %);

— көмүр сатып алууга бөлүнгөн каражаттар – 19 млн. 543,4 миң сом (5,8 %);

— башка каражаттар – 64 млн. 986 миң сом (17,2 %).

Көрсөтүлгөн мезгилде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү бюджеттеринин фактылык чыгашалары 14 млрд. 544 млн. 39,3 миң сомду түздү, анын ичинен:

— жалпы багыттагы мамлекеттик кызматка – 3 млрд. 371 млн. 807,3 миң сом (23,2 %),

— экономикалык маселелерге – 973 млн. 814,9 миң сом (6,1 %),

— турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө – 4 млрд. 77 млн. 593,8 миң сом (28,0 %),

— эс алуу, маданият жана динге – 822 млн. 409,2 миң сом (5,7 %),

— билим берүүгө – 4 млрд. 582 млн. 246,5 миң сом (32,2 %),

— саламаттык сактоого – 177 млн. 577,0 миң сом (1,2 %),

— социалдык коргоого – 487 млн. 491,8 миң сом (3,2 %) жумшалды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>