2019-жылы республикалык бюджеттин тартыштыгы 9 млрд 945 млн сомду түзөт

2019-жылы республикалык бюджеттин тартыштыгы 9 млрд 945 млн сомду түзөт

Бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралууда.

Жыйынга премьер-министр баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып жатат.

Мухаммедкалый Абылгазиев азыркы учурда мыйзам чыгаруу бийлиги менен аткаруу бийлиги тыгыз кызматташып жатканын баса белгиледи.

Ушундай алакалардын негизинде өлкөдө коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык туруктуулук камсыз кылынды.

Сунушталган долбоордо 2019-жылга карата өлкөнүн бюджеттик тутумунун киреше базасын өзгөртүү өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү болжолунун өзгөрүшүнүн, өткөн 9 айындагы иш жүзүндө түшүүлөрдүн, жыл аягына чейинки кирешелердин түшүүлөрүн баалоонун негизинде жүргүзүлгөн. 2019-жылы мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 155 млрд 318 млн сом көлөмүндө же ички дүң өнүмдүн 25,9 пайызында каралат. Бул жылда бекитилген бюджетине салыштырмалуу республикалык бюджеттин номиналдык маанидеги кирешелери 2,3 пайызга же 3 млрд 556 млн сомго көбөйөт.

Республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү финансылык активдерди эске албастан 165 млрд 264 млн сом деңгээлинде белгиленген, бул 2019-жылдын бекитилген бюджетинен 3 млрд 350 млн сомго көп, анын ичинде бюджеттик каражаттардын эсебинен – 137 млрд 490 млн сом, бул 2019-жылдын бекитилген бюджетинен 6 млрд 612 млн сомго көп. Атайын эсептин каражаттары – 13 млрд 303 млн сом, бул 2019-жылдын бекитилген бюджетинен 3 млрд 930 млн сомго көп. Мамлекеттик инвестициялардын каражаттары – 14 млрд 470 млн сом.

Ал эми республикалык бюджеттин тартыштыгы 9 млрд 945 млн сомду түзөт. Каржы тартыштыгын жабууга 9 млрд 945 млн сом көлөмүндө каржылоо булактары каралган: ички булактар боюнча 5 млрд 190 млн сом өлчөмүндө оң сальдо, тышкы булактар боюнча 4 млрд 755 млн сом өлчөмүндө оң сальдо», — деп маалымдады өкмөт башчы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>