2020-жыл Кыргызстанда Орусия жылы деп жарыяланышы мүмкүн

2020-жыл Кыргызстанда Орусия жылы деп жарыяланышы мүмкүн

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Орусия Федерациясынын Кыргыз Респуликасындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлаганын «super.kg» жазып чыкты.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык жана эки жактуу мамилелердин башка актуалдуу маселелери талкууланды. Ошондой эле Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин өлкөгө келиши күтүлүп жаткандыгы белгиленди. Мындан тышкары, премьер-министр Кыргыз тарап 2020-жылы Орусия Федерациясында Кыргыз Республикасынын жылы жана Кыргыз Республикасында Орусия Федерациясынын жылы деп жарыялоо жөнүндө мамлекет башчылардын макулдашууларынын алкагында уюштуруу комитети түзүлгөнүн айтты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>