2020-жылы оң рулдуу унаа айдаган таксисттерге айып пул салынбайт

2020-жылы оң рулдуу унаа айдаган таксисттерге айып пул салынбайт

Өкмөтү жүргүнчүлөрдү  жана жүктөрдү коммерциялык ташуу үчүн оң рулдуу унааларды пайдалануунун социалдык маанисин эске алуу менен ага тыюу салуу мөөнөтүн 2025-жылга чейин жылдыруу демилгесин колдойт. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.  

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешов оң рулдуу унааларды коммерциялык багытта колдонууга тыюу салууну 2025-жылга чейин узартууну сунуштаган.

“Айрым унаа ээлеринин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын позициясы эске алынып, парламент тарабынан мыйзам долбоорунун тагдыры чечилгенге чейин 2020-жылдын 1-январынан тартып унаалардын бул категориясын айдоочуларга айып салбоо чечими кабыл алынды”, — деп жазылат маалыматта.

2020-жылдын 1-январынан баштап жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана жүктөрдү коммерциялык ташуу үчүн автомобилдин огуна карата алганда рулдук дөңгөлөгү оң тарабында жайгашкан автомобилдерди пайдаланууга айыппул салынбайт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>