Site icon Reporter.kg

Чек арада мекен үчүн курман болгон жоокерлердин тизмеси

Былтыр 14-17-сентябрда Тажикстан Кыргызстанга кол салган агрессиясынан кийин 1 жыл өттү. Тажикстан тараптан чагымчылдык 14-сентябрда башталып, 16-сентябрда айыгышкан куралдуу кагылыш болгон.

2022-жылы 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта, Тажикстандын кол салуусунан Кыргызстандан 62 адам, анын ичинде 50 аскер, 12 тургун каза болгон. Ошондой эле 205 адам, анын ичинде 151 аскер кызматкери, 54 турган жараат алган.

Мамлекеттик органдар былтыр чек арадагы куралдуу кагылышта курман болгон аскер жана жарандардын толук тизмесин ачыктаган жок. Бирок журналисттер жоокерлердин көпчүлүгү тууралуу маалыматтарды топтой алган.

Мекенин коргоп курман болгон баатырлардын ысымы кыргыз элинин эсинде түбөлүк сакталат.

Мекенин коргоп, курман болгон жоокерлер:

1. Нурислам Карыбеков (2003 — 2022) — Сузак районундагы (Жалал-Абад) Октябрь айылында туулган. «Бөрү» отрядында кызмат өтөгөн.

2. Данил Таалайбек уулу (2002 — 2022) Баткен районунун (Баткен) Ак-Сай айылында туулган. Наамы — кенже сержант.

3. Чыңгыз Акчалов (1998 — 2022) — Манас районунун (Талас) Бала-Саруу айылында туулган. 2022-жылы лейтенант наамын алып, зениттик-ракеталык батареянын командири болгон.

4. Эламан Ураимов (1994 — 2022) — Кара-Суу районунун (Ош) Савай айылында туулган. Баткен облусундагы «Бужум» чек ара бекетинде аскер бөлүктүн командири болгон.

5. Эрлан Турсунбаев (1991 — 2022) — Кара-Балта шаарында (Чүй) туулган. «Тамдык» чек ара тозотунун башчысы болгон.

6. Данияр Казакбаев (1998 — 2022) — Токмок шаарында (Чүй) туулган. Наамы — прапорщик.

7. Нургазы Мамытов (1988 — 2022) — Баткен районунун (Баткен) Ак-Татыр айылында туулган. «Орто-Боз» чек ара тозотунда фельдшер болгон. Прапорщик

8. Мирлан Ниязов (1987 — 2022) — Кара-Суу районунун (Ош) Кыргызстан айылында туулган. Наамы — кенже сержант.

9. Азамат Мирзакулов (2003 -2022) — Ош облусунда туулган. «Капчыгай» чек ара тозотунда кызмат өтөп жаткан.

10. Марат Ташмырзаев (2002 – 2022) — Айдаркен шаарында (Баткен) төрөлгөн. «Бөрү» атайын аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан.

11. Баатырбек Райымкул уулу (1980 — 2022) — Тажикстандын Мургаб районунда туулган. Атайын багыттагы «Бөрү» отрядынын чалгынчы-фельдшери болгон.

12. Агадил Канатбеков (1999 — 2022) — Жети-Өгүз районунун (Ысык-Көл) Тосор айылында туулган. №2053 аскер бөлүгүнө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан, наамы — прапорщик.

13. Умарбек Курманбеков (2002 — 2022)​ — Базар-Коргон районунун (Жалал-Абад) Коткор айылында туулган. Катардагы жоокер.

14. Мирлан Какеев (1988 — 2022) — Нарын районунун (Нарын) Куланак айылында туулган. №707 аскер бөлүгүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан.

15. Нурсултан Жаныбеков (1995 — 2022) Нарын районунун (Нарын) Оттук айылында туулган. Наамы — улук сержант.

16. Тилек Жаңыбай уулу (1996-2022) — Бакай-Ата районунун (Талас) Оро айылында төрөлгөн. Танк экипажынын мүчөсү болгон. Аткылоонун натыйжасында танктын ичинде дагы эки аскер менен бирге тирүүлөй күйүп кетишкен. Сөөгү 26-сентябрда «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде жерге берилген.

17. Рашид Бердибаев (2003-2022) — Кара-Кулжа районунун (Ош) Жетим-Дөбө айылында туулган. 2021-жылы аскерге чакырылып, Баткендеги чек ара тозотторунда кызмат өтүп жаткан.

18. Даниэл Малашев (1998 — 2022) — Сузак районунун (Жалал-Абад) Кара-Чолок айылында туулган.

19. Бейкут Алмазбек уулу (1996 — 2022) — Нарын районунун (Нарын) Эчки-Башы айылында туулган. 2021-жылдын апрелинде болгон куралдуу кагылышта жараат алып, анда көрсөткөн эрдиги үчүн «Эрдик» медалы менен сыйланган.

20. Баяман Акылбек уулу (1995 – 2022) — Ала-Бука районунун (Жалал-Абад) Жапа-Салды айылында туулган. Атайын багыттагы «Бөрү» отрядында кызмат өтөп жаткан.

21. Жаныбек Якубов (1997 — 2022) — Лейлек районунун (Баткен) Маргун айылында туулган. Аскердик унаада бара жатканда минометтун сыныгы тийип, курман болгон.

22. Гүлжигит Бектенов (1995 — 2022) — Ноокен районунун (Жалал-Абад) Кызыл-Туу айылында төрөлгөн.  №2021 атайын багыттагы «Бөрү» отрядынын 1-тобунун командири болгон. 2019-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган.

23. Асатбек Арыстаналы уулу (2003 — 2022) — Ала-Бука (Жалал-Абад) районунун Теңги айылында туулган. Капчыгай чек ара тозотунда кызмат өтөп жаткан.

24. Бектур Ислам уулу (1991 – 2022) — Ош шаарындагы Жапалак айылында төрөлгөн. №2001 аскер бөлүгүнүн «Лейлек — автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинин улук көзөмөлдөөчүсү болгон, прапорщик.

25. Жеңиш Иманбек уулу (2000 — 2022) — Жумгал районунун (Нарын) Миң-Куш айылында туулган. 2019-жылы аскерге чакырылып, андан кийин аскерде келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан.

26. Илимбек Мурзаев (1995 — 2022) — Баткен шаарында туулган. Атайын багыттагы «Бөрү» отрядынын прапорщиги болгон. Келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан.

27. Апсамат Жекшенбек уулу (1998 — 2022) — Ат-Башы районунун (Нарын) Терек-Суу айылында туулган. Маргун айылындагы атышууда ок тийип курман болгон.

28. Шерали Анаркулов (1990 — 2022) — танк экипажынын мүчөсү болгон. Аткылоонун натыйжасында танктын ичинде дагы эки аскер менен бирге тирүүлөй күйүп кетишкен. Сөөгү 26-сентябрда «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде жерге берилген.

29. Санжар Анаркулов (1996-2022) — Баткен шаарында туулган. Достук айылындагы чек ара тозотунда кызмат өтөп жаткан. Танк экипажынын мүчөсү болгон. Аткылоонун натыйжасында танктын ичинде дагы эки аскер менен бирге тирүүлөй күйүп кетишкен. Сөөгү 26-сентябрда «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде жерге берилген.

30. Айдарбек Айбеков (2003 — 2022) — Токтогул районунун (Жалал-Абад) Кызыл-Өзгөрүш айылында туулган. 2021-жылы сентябрь айында аскерге чакырылып, Баткендеги чек ара бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан.

31. Медет Абдумалик уулу (1991 — 2022) — Лейлек районунун (Баткен) Кулунду айылында туулган. Аскердик гаамы — прапорщик. Лейлек районунун «Арка» тозотунда кызмат өтөп жаткан.

32. Кулатбек Абдисамат уулу (1991 — 2022) — Баткен районунун Ак-Татыр айылында туулган. Баткен районунун «Орто-Боз» чек ара тозотунда кызмат өтөп жаткан, наамы — прапорщик.

33. Бекболсун Ырысбек уулу (2000 — 2022) — Кара-Суу районунун (Ош) Кызыл-Абад айылында туулган. Ал армияга кызмат өтөгөнү кетип, ошол бойдон Баткенде  куралдуу күчтөрдүн катарында калган. .

34. Бекмырза Шарабидин уулу (1996 – 2022) — Ноокен районунун (Жалал-Абад) Бүргөндү айылында төрөлгөн. Лейлектеги «Кулунду» чек ара бекетин аткылоодо курман болгон. Чек ара кызматында келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан.

35. Нургазы Баркошов (1987 — 2022) — УКМКнын Чек ара кызматынын прапорщиги.

36. Нурбек Баратов (2003 – 2022) — Сүлүктү шаарында (Баткен) туулган. Лейлектеги «Кулунду» чек ара бекетинде кызмат өтөп жаткан.

37. Амангелди Балыкчиев (2002 — 2022)Кемин районунун (Чүй) Бообек айылында туулган.

38. Рамазан Бактияр уулу (2000 — 2022)​Манас районунун (Талас) Ичке-Суу айылында туулган. Баткендеги «Кулунду» аскер бөлүгүндө 2020-жылдан бери келишимдин негизинде кызмат өтөп жаткан.

39. Дастан Анарбеков (2001 — 2022) — «Достук» чек ара тозотунун башчысынын орун басары, Талас облусунда туулган. Ал 2022-жылдын 16-сентябрында Достук айылын коргоодо мектептин аймагында каза болгон. Чек арачынын сөөгү көпкө чейин белгисиз бойдон калып, бир катар экспертизалардан кийин гана анын өздүгү такталган. Сөөгү 29-декабрда «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине коюлган.

40. Айбек Ысманов (1987 — 2022) — Баткен районунун (Баткен) Баткен айылында туулган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери болгон.

41. Мухтарбек Сулайманов (1997 — 2022) — Алай районунун (Ош) Гүлчө айылында төрөлгөн. 16-сентябрда кызмат өтөп жаткан учурда курман болду.

42. Манас Баатырбеков (1995 — 2022) — Баткен облусунун Базар-Башы айылында туулган. ИИМдин Ички аскерлеринин №707 аскер бөлүгүнүн кенже сержанты.

43. Ачылбек Ташбеков  (1983 – 2022) — Баткен шаарында туулган. ИИМдин Ички аскерлеринин №707 аскер бөлүгүнүн улук сержанты.

44. Алишер Набиев (2000-2022) — Лейлек районун (Баткен) Кулунду айылында туулган. Чек ара кызматында келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан.

45. Дурус Каныбек уулу (1991 — 2022) — ИИМдин Ички аскерлеринин №707 аскер бөлүгүнүн улук сержанты.

46. Айбек Абдилабеков (1993 — 2022) — ИИМдин Ички аскерлеринин №707 аскер бөлүгүнүн катардагы жоокери.

47. Мыктыбек Мурзажанов (1999 — 2022) — Айдаркен шаарында (Баткен) төрөлгөн. Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы «Шумкар» полкунун кызматкери, милициянын улук сержанты.

48. Наркозу Мамасадыков (2001 — 2022) — Кадамжай районунун (Баткен) Чечме айылында туулган. Чек ара кызматынын атайын багыттагы «Бөрү» отрядынын прапорщиги, Ак-Сайдагы ок атышууда окко учкан.

49. Махаматжан Мапаев (1980-2022) — Баткен шаарында туулган. улук сержант. 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында тажик тараптын минометунан жаракат алып, көз жумду.

50. Аскердин аты-жөнү такталып, толукталат (аты-жөнү расмий жарыяланган эмес).

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version