Site icon Reporter.kg

2023-жылдын эң сексуалдуу мырзасы аталды

Америкалык актёр Патрик Демпси People журналынын версиясы боюнча дүйнөдөгү эң сексуалдуу мырзалардын рейтингинде 1-орунду ээледи.

57 жаштагы актёр «Анатомия страсти» сериалында сүйкүмдүү дарыгер Дерек Шепарддын ролун аткарганы менен белгилүү.

Демпси спорт күйөрмандарына профессионал унаа жарыштарга катышкан айдоочу катары таанымал. 2015-жылы Ле-Мандагы 24 сааттык чоң жарышта күмүш медалдын ээси болгон.

Ал жубайы Жиллиан экөө үч баланы тарбиялап келшет. Алар — 15 жаштагы Талула жана 10 жаштагы эгиздер Дарби менен Суливан.

Белгилей кетсек, буга чейин эң сексуалдуу адам наамын Мел Гибсон алганю Актёр 1985-жылы People журналдын башкы бетине чыккан. Ошондой эле эң сексуалдуу эркектердин катарына Дэвид Бекхэм, Крис Хемсворт, Брэдли Купер, Адам Левин, Ченнинг Татум, Райан Рей кирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version