2023-жылы мектеп окуучулары математика, информатика, биология жана химия боюнча ар кандай олимпиадада 57 медалга ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, төрт окуучу — алтын, 10у — күмүш, 43ү — коло медаль алды.
Министрликтин маалыматында, 8 мектепке чейинки билим берүү уюмунун жана 79 мектептин курулушу аяктады.
Конкурстук тандоонун жыйынтыгы менен 2022-2023-окуу жылына 1 мин 84 директор дайындалды.
Билим берүү тармагындагы орточо эмгек акы 2023-жылы 24,4 миң сомду түздү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз