2024-жылы өлкөнүн энергетика тармагына 74,9 миллиард сом бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров энергетиктерди майрамы менен куттуктап жатып билдирди.
Ал республикада энергетика тармагына өзгөчө кырдаал киргизилгенин эске салды. Негизги максат — электр станцияларын курууну тездетүү жана электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүү, профицитке жеткирүү жана 2026-жылы электр энергиясын экспорттоо.
«Биз 2031-жылга чейин он жылдын ичинде 3,8 миң мегаваттка чейин кошумча кубаттуулукту ишке киргизебиз», — деди Акылбек Жапаров.