Site icon Reporter.kg

2024-жылы өз өмүрүнө кол салгандардын көбөйгөнү белгиленет

2024-жылдын январь-апрель айында 84 адам өз өмүрүнө кол салды. Бул былтыркы жылдын төрт айына салыштырганда 10го көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча баяндамасында белгиленет.

Жыл башынан бери каза болгон 8,5 миң жарандын 52 пайызы кан тамырларына, 13 пайызы — шишик,  8 пайызы – дем алуу органдарына байланыштуу оорудан көз жумган.

Кош бойлуу учурунда жана төрөттөн 5 аял набыт болду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version