Site icon Reporter.kg

2024-жылы пенсия канча пайызга көбөйөрү айтылды

2024-жылга пенсионерлердин жашоо куржуну 7 миң 728 сом болуп бекитилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет комитетинин жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Ал 2015-жылы орточо пенсия 3 миң 200 сомду түзсө, 2023-жылы 9 миң 300 сомго жеткенин белгиледи.

“Пенсиянын жыл сайын көтөрүп турсак, эң төмөнкү пенсия жашоо куржунунан ашат”, — деди ал.

Социалдык фонд эмки жылы пенсиянын камсыздандыруучу бөлүгүн 7 пайызга көбөйтмөкчү.

Жыл сайын 50 миң жаран пенсияга чыгат.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 1-октябрынан тарта пенсияга 38 пайыз кошулду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version