Site icon Reporter.kg

2024-жылы январда 7 күн, мартта 4 күн катары менен эс алуу күтүлөт

Кыргызстанда 2024-жылдын 1-январынан  7-январына чейин эс алуу күтүлөт. Бул боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги сунуштап жатат.

Ал  5 күндүк иш графиги менен иштеген мамлекеттик жана муниципалдык органдарга тиешелүү.

Министрлик Ноорузга карата дем алыш күнүн дагы белгиледи. Ал 21-март бейшемби күнгө туш келгендиктен, андан кийинки жума менен бирге 21-22-23-24-мартты эс алуу күнү катары жарыялоону сунуштайт.

Ал эми май айында майрамдарга карата жарандар катары менен 5 күн дем алышы мүмкүн.

Эмгек министрлиги Орозо айт менен Курман айттын күнүн дагы алдын-ала белгиледи. Бул диний майрамдар быйыл 10-апрелде жана 17-июнда өтүшү ыктымал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version