Site icon Reporter.kg

2025-жылы Кыргызстан жаңы окуу китептерин басып чыгарууга 744 миллион сом бөлгөн

Билим берүү министрлиги 2025-жылга карата жаңы окуу материалдарын басып чыгарууну каржылоо тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, кыргыз жана орус тилдериндеги окуу китептеринин толук комплектисин 2028-жылга чейин чыгаруу пландалууда.

Бүгүнкү күндө жалпы суммасы 272,7 миллион сомго 3-9-класстар үчүн 1,2 миллион нускадан ашык англис тили китептери басылып чыкты. Улуу Британиянын элчилигинин колдоосу менен жалпысынан 25 миллион сомго жакын кошумча 158 миң окуу китептери басылып чыкты.

1-2 жана 5-7-класстар үчүн математика жана табият таануу боюнча окуу китептерин экспертизадан өткөрүү, ошондой эле орус тили жана адабияты боюнча материалдарды орус кесиптештери менен бирдикте ылайыкташтыруу боюнча иштер жүрүп жатат.

Exit mobile version